Италиянын бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү Молизе аймагына жашоочуларды чакыра албай убара. Анткени акыркы 5 жылдын ичинде бул аймактагы кичинекей шаар жана айылдын 9 миңге жакын жашоочулары ири шаарларга көчүп кетишкен. Жергиликтүү аймактын бийлиги бул жакка жаңы көчүп келгендерге айына каражат беришет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Бийлик Молизе аймагына көчүп келген ар бир жаранга 3 жыл бою айына 700 евродон төлөйт. Жаңы көчүп келгендер калкы 2 миңге жетпеген айыл же шаарга барышы керек. Бийликтин бир гана талабы бар - көчүп келгендер жеке бизнесин ачуусу керек.
Молизе аймагынын башчысы Донато Томдун айтымында, бизнес ар түрдүү болуусу мүмкүн башкысы жергиликтүү элге пайдасы тийиши керек.