Рамзан Кадыровдон үй сурап кайрылган аялдар кайра андан кечирим сурашты

Асет Эльбазурова, Зарема Лорсанова жана Яхмат Митишева аттуу аялдар мындан 20 жылдай мурун Чеченстандан Дагестанга көчүп кетишкен. Бирок алар жакын арада Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун атына жазылган кат менен кайрылышканын чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, ал аялдар өздөрүнүн катында көчүп кеткенден бери каралашкан эч ким жок экенин, начар шартта кыйналып жашап жатышкандыгын жазып, Кадыровдон үй бөлдүрүп берүүсүн өтүнүшкөн. Катты алган тиешелүү тараптарга алардын үй-жайын, жашаган шартын текшерүү тапшырмасы берилген. Анын жыйынтыгында, Асет Эльбазурова, Зарема Лорсанова жана Яхмат Митишева үчөөнүн президентти алдаганы белгилүү болгон.

"Биринчи маалыматта аялдардын бири карызга батып калып, төлөй албай көчүп кеткен деп айтылган. Экинчи аял болсо үйүндөгүлөр батырбай, үйдөн качып кеткендиги жазылган. Үчүнчүсүнүн окуясын билбейм", - деп жазган Рамзан Кадыров.

3 аял менен чечен президенти жана жогорку кызматтагы адамдар жолугуп, чыныгы абалдары тууралуу маалыматтарды айтып беришкенде жасаган иштерине өкүнүшөрүн айтып ыйлашкан. Андан кийин кечирим сурашкан. Ал эми аткаминерлер алардын эркек туугандарын чакырып, аялдарды аларга өткөрүп беришкени жазылат.

"Бул силердин аялдарыңар. Алардын көйгөйү силердин көйгөйүңөр. Чечендерде эркектер өздөрүнө жакын аялдарды качан карабай койду эле? Бул уят!", - дешкен аткаминерлер алардын жакындарына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-09-13 08:30:38
Орусча айтканда проблеманы с больной головы на здоровую откоруп коюптур да. Кыйналганынан жазып атыышкандыр да,кайра озулорун ыйлатып кечирим суратканына жол болсун.
+7
KAYRATBEK
2019-09-13 14:38:13
Биз дагы оз карындаштарыбызга эжелерибизге аялдарыбызга конул бололу. Эмне кийип эмне ичип каякта кантип журушуно. Биз эркектер Аллахка ант ичем эжелерибиз карындаштарыбыз аялдарыбыз учун созсуз Аллахтын астында жооп беребиз.
+11
Jacob.
2019-09-13 22:44:11
Аткаминерлери эркек экен! Эркекче сөздү айтышыптыр.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан