Каракол шаарында 3 унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды
8-августта саат 09:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында
3 унаа катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз
кызматы билдирди. Окуя шаардагы Кутманалиев
- Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Фольксваген, Хонда СRV жана
Хонда Одиссей унаалары сүзүшүп, жабыркаган 5 адам Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилди.