Ташкентте мушташтан алган жаракатынан улам, эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын чемпиону көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү болгон. Анда шаардагы кафелердин биринде отурган 2 топтун ортосунда жаңжал чыккан. Жаңжалдашкандар сыртка чыгып, мушташа кетишкен. Мунун кесепетинен 3 адам ооруканага жеткирилген. Анын бири дарыгерлердин көргөн аракетине карабастан каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча ал бычактан алган жаракатынан улам көз жумган.
"Мушташка катыштыгы бар балдардын аты-жөнү такталды жана бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Муслим Омонов – кикбокс боюнча Өзбекстандын 7 жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону. Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпиону. Ал 23 жашта болгону жазылат маалыматта.