АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден сот анын ишин объективдүү караса мекенине кайтуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал чет элдик маалымат булактарынын бирине берген интервьюсунда айткан.
"Мага Орусиянын атайын кызматтары иштешүүнү сунуштаган, бирок мен баш тарткам. Эгер АКШ соту менин ишимди адилеттүү карап берсе, мекениме кайтуу ниетим бар", - деген Сноуден.
2013-жылы Эдвард Сноуден америкалык атайын кызматтар жарандардын аңдыган жана дүйнөлүк лидерлердин телефондорун жашыруун угууларды орноткон маалыматтарды ачыктап салган. Бул окуядан кийин ал Гонконгго кетип, андан кийин Орусиядан баш паанек сураган.