Беларуста 2 жаштагы кыз апасын капысынан муунтуп өлтүрдү

Беларустун Брест облусунда 2 жаштагы кыз капысынан апасын өлтүрүп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү жаш үй-бүлө 2 жаштагы кызы менен Старое Село деп аталган айылга конокко келишкен. Наристенин апасы, 21 жаштагы Юлия Шарко автоунаанын терезеси аркылуу кызын алып жаткан учурда наристе терезенин автоматтык жабуу механизмин басып жиберген. Натыйжада Юлия Шарко муунуп калган.

"Тилекке каршы, анын жолдошу жубайын бир саат өткөндө гана көрүп, жубайы эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Бир жума өткөндөн кийин Юлия Шарко эсине келбестен көз жумду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2019-09-13 17:26:56
Кудай сактай коор
+12
Nevestkaa
2019-09-13 21:15:59
Кырсык.Жапжаш келин жайы жаннаттан болсун.
+4
serche
2019-09-14 01:31:36
Терезесинен албай, эшикти ачып алыш керек. Байкуш жаш бала омур бою озун куноолуу сезип жашабаса экен. Ар кандай кокустуктан кудай сактасын. Биз, чондор, акылына кире элек балдарыбыздын ар бир кадамын коз жаздымда калтырбаганга аракет кылалы.
+4
senchi
2019-09-14 12:44:50
Озбектерден жерди кайтаргыла латын тамганы койуп
+1
admin_portal
2019-09-16 09:57:03
senchi, ар кайсы темага маани-маңызы бир билдирүүлөрдү калтырып флуддоого тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан