Индияда чагылган түшүп 9 адам каза болду

Индиянын чыгыш аймагына түшкөн чагылгандын кесепетинен 9 адам каза болуп, дагы 23 адам жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, каргаша Жаркханд штатында болгон. Анда адамдар катуу жаандан калкалануу максатында бактын түбүндө турушкан. Ошол маалда дал ошол бакка чагылган тийген. Алты адам ошол жерден, калгандары ооруканадан көз жумган.

Штаттын администрациясында каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүүнү убадалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан