Филиппиндин президенти акча талап кылган мамлекеттик кызматкерлерди атууга уруксат берди

Филиппин өлкөсүнүн президенти Родриго Дутерте өлкө жарандарына акча талап кылган мамлекеттик кызматкерлерди билсе атууга уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Ал жөнөкөй жарандарга мамлекеттик аткаминерлерди атууга мүмкүн экенин, бирок өлтүрбөй араң жан кылуу жетиштүү болорун кошумчалаган.

"Эгер силер салык төлөп, акча жыйып, бажы алымдарын аткарып жатсаңар, мамлекеттик кызматкерлер силерден акча талап кылып жатса, анда аларды соккула. Эгер колуңарда курал болсо, анда аткыла, бирок өлтүрүүгө жетпеши керек. Эгер өлтүрүп алсаңар, алардын акча талап кылганын далилдей албай каласыңар", - деген президент.

2006-жылы Филиппин өлкөсүнө президент болуп шайланган Родриго Дутерте укук бузган жарандарга катуу мыйзамдарды колдонуп келет.

Буга чейин дагы ал укук коргоо органдарына, кылмышкерлерге ок атууга уруксат бере турганын жарыя кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrgyz_bloger
2019-09-13 19:04:45
Ушундай мыйзам бизде болгондо коп адамдар атылып кетет эле го чиркин.
+20
Beka0007
2019-09-13 21:02:16
Kyrgyz_bloger, Анда кыргыздын жарымы атылып кетмек. Бирок ушундай президент керек бизге.
+12
gute
2019-09-13 19:31:03
Дутерте суранам сенден Кыргызстанга келип президент болуп берчи бизге.
+9
akmanai
2019-09-13 19:40:03
gute,Оз агасын агалай албаган, бироонун эшигин сагалайт!
-10
gute
2019-09-13 20:10:19
akmanai, не в тему жаза бербечи.
+12
bema_bema
2019-09-13 19:35:20
Бизге керек ушундай мыйзам
+14
Migrant-rf
2019-09-13 20:11:16
Президент деген ушундай болуш керек, ар нерсени дөөрүп балп эттирип эле жүрө бербей!!!
+8
oSporte
2019-09-13 20:15:40
Migrant-rf,сокеге окшопбу эстелик ачарда
-3
Beka0007
2019-09-13 21:03:20
oSporte,минусту Сокенин тарапташтары басып жатат окшойт е?
+6
Samatalibei
2019-09-13 20:29:32
Бизде ушундай закон болсо мамилекеттик кызматкерлер биринчи сени атып олтурот!
Анан пара бергенин аттым деп кутулат.
+7
KUMKA
2019-09-13 20:56:05
Ошол да жакпайт. Ошондо да адам укугу деп чыгабыз
+6
Arlenchik
2019-09-14 11:15:31
Бизде мындай мыйзам кабыл алса азыркы мамлекеттик кызматкер жеп ичерлер, бири калбай өз арыздары м-н иштен кетип калат го анда.
+1
senchi
2019-09-14 12:47:52
Жерди бергендерди ушундай кылып атам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан