Индиянын Тамилнад штатында үчүнчү аял алам деген күйөөсүн эки аялы сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Динеш аттуу жигит 2016-жылы биринчи жолу үйлөнгөн. 3 жылдан кийин анын экинчи аялы бар экендиги билинген. Эки аялы бири-бирин билип калышкандан кийин, күйөөсү дагы бир аял алууга ниеттенип жатканын билип, аны ур-тепкиге алышкан. Бул учурду жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан.