Москвада 11-кабаттан кулаган 3 жаштагы бала тирүү калды

Москва шаарында 3 жаштагы бала 11-кабаттын терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Енисейский көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Балдар кароосуз бөлмөнүн ичинде ойноп жатышкан. Бир убакта алардын ичинен бирөөсү ойноп жаткан оюнчукту короону көздөй ыргыткан. Жыйынтыгында бала өзү терезеден кулап кеткен.

Өспүрүм тирүү калып, аны "Тез жардам" унаасы ооруканага алып кеткен. Баланын бийик кабаттан кулап, тирүү калганы анык болгону менен анын абалы тууралуу азырынча маалымат белгилүү боло элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raikakyz
2019-09-14 11:48:12
Ылайым омурлуу болсун ананай.
+4
Krai
2019-09-15 08:18:39
Бул да болсо Аллахтын керемети ичеер суусу түгөнө элек экен наристени өмүрлүү болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан