"Пусть говорят" ток-шоусун эми Ксения Собчак алып барат

Орусиялык белгилүү алып баруучу Ксения Собчак эми “Пусть говорят” ток-шоусун алып барат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Бул анын акыркы жылдары өлкөнүн саясий жашоосуна туура жана активдүү катышуусу үчүн сыйлык болуп саналат”, - деп жазат жергиликтүү маалымат булактары.

Собчак өз карьерасын “Дом 2” долбоорунан баштаган. Андан кийин көптөгөн көрсөтүүлөрдү алып барып, жергиликтүү элдин сүймөнчүлүгүнө татыган. Ал эми 2019-жылы YouTube каналында “Осторожно, Собчак!” көрсөтүүсү популярдуу болуп, көрүүчүлөрдү кызыктырып, каармандарды тайсалдатып турган.

2018-жылы Ксения Собчак президенттик кызмат үчүн ат салышып, 4-орунду алган.

Ал эми кечээ, 13-сентябрда Ксения Собчак жана жолдошу Константин Богомолов экөөнүн үлпөт тою Москва шаарында өттү. Алар кара түстүү катафалкада “Бизди өлүм ажыраштырганга чейин” деген жазуусу менен келип, чоң той өткөрүштү.

Буга чейин алып баруучу мурунку жолдошу актёр Максим Виторган менен расмий ажырашкан. Алардын ортосунда бир уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Abdizhapar
2019-09-14 12:00:28
Ой лапшык
0
Abdizhapar
2019-09-14 12:00:52
Антонио Сильванын ургаачысы го
+1
Nevestkaa
2019-09-14 12:26:25
Пусть говоряттын да кашасын чыгарат экен баары мн кырылыша берип Ксюша айым.
+6
Dembele84
2019-09-14 14:13:37
Малахов кеткенден бери ал передачанын да рейтинги кетти.Эми бул кандай иштээр экенин убакыт корсотот
+5
vikidiki
2019-09-14 23:14:31
Dembele84,Ооба. Мен такыр коргон жокмун Малахов кеткенден бери. "Дом 2"кылбаса болду ,кашасын чыгарып. Катафалка менен улпот тоюна келгени "обу жоктук"!
+1
Paprikafm
2019-09-14 17:23:14
Эртен эле ажырашты деп чыгат эми
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан