Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Тынар Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңип, экинчи беттеште утулуп калды

Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда бүгүн, 14-сентябрда башталды.

Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы атаандашы болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек оюнга жолдомо алган.

Чейрек финалда экинчи атаандашы япониялык балбан Шиноби Отага 12:4 эсебинде жеңилип калды.

Эртең, 15-сентябрда Шаршенбеков коло байге үчүн Беларусь өлкөсүнүн балбаны менен беттешет.

Чемпиондукка Кыргыз өлкөсүнөн 22 балбан катышууда. Аталган чемпиондукта Япония өлкөсүндө өтүүчү олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан