Орусиядагы Красноярсктагы беш кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн айынан 8 адам каза болду. Алардын ичинен 4ү өспүрүм болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан чыккан. Өрт өтө чоң болгон эмес, болгону 40 чарчы метр күйгөн. Кырсык электр чубалгыларынын туура эмес туташтырылганынан келип чыгышы мүмкүн.
Азыркы учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин териштирилүүдө деп жазылат маалыматта.