Интернетке Казакстандагы эл ташыган поезд автобусту сүзүп кеткендеги үрөй учурган видео тарады. Кырсык 15-сентябрь күнү 19:20 чамасында Алматы-Костанай темир жолунун 2449-чакырымында "Шамалган" станциясында катталган.
Казак өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматка ылайык, автобустун айдоочусу поезддин машинистинин сигналын укпай, темир жолго чыга калган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам көз жумуп, 9 киши ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун арасында автобустун айдоочусу дагы бар.