Ата мекендик кино жаратуучулардын калемине таандык "Аврора" фильми "Оскар" киносыйлыгынын "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан ат салышат. Бул тууралуу Кыргыз кинематографисттер союзунан билдиришти.
"Аврора" тасмасынын режиссёру жана сценаристи Бекзат Пирматов. Фильмдин сюжетинде Советтер Союзунан бери өзгөрүлбөгөн Ысык-Көлдүн "Аврора" санаториясы көрсөтүлгөн. Тасмада Альбина Имашова, Марат Амираев, Болот Тентимишев, Бактыбек Мамытов, Жеңишбек Назаралиев, Дина Жейкоб, Жылдызбек Касейнов, Кумар Жалилов жана башкалар роль жаратышкан.
"Аврора" тасмасы "Серебряный Акбузат" кино фестивалында "эң мыкты режиссура" наамын жеңип алган.