"Таластагы ат майдан Улуттук көчмөндөр оюндарына даяр эмес". Курулушка жооптуу департаменттин башчысы маалымат берүүдөн качууда

Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына ат майдан даяр эмес. Бул тууралуу Facebook баракчасына Касым Рахманкулов аттуу колдонуучу жазып чыкты.

"Эртең, 16-сентябрда октябрда эмес, сентябрда көчмөндөр оюндары башталат. Чыныгы көчмөнгө "көлүк көчөөрдө керек!" Ат майданга келип мындай көрүнүшкө туш болдум. Жаан учурунда отургучтарды сырдап жатышат, темир түндүктөрдү тосмолорго илише элек, атайын коноктор отурган жерде кыштарды коюп бүтүшө элек, жумушчулар үч суткадан бери уктабай иштеп жатышат. Аягында "бул бизге керекпи деген суроо жаралды",- деп жазган колдонуучу.

Бул боюнча өкмөттүн Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан бул курулушка жооптуу агенттиктин курулуш жана турак жай департаментинин башчысы Адилет Абдыкадыров эч кандай маалымат бербей жаткандыгын билдирди. SUPER.KG порталы да Абдыкадыровго байланыша алган жок.

Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин өткөрүү пландалган. Мелдештер улуттук оюндардын 10 түрү боюнча өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
katerina.li
2019-09-16 11:25:52
По кыргызски
-1
elb_2121
2019-09-16 11:36:10
Ош шаары даяр болчу Талас шаарыбызга келерки жылы кылсак да болот эле
0
kairhai
2019-09-16 11:37:32
Оюндардын ачылышы ошол үчүн болбойт да. Жабылышына бүтүп коюшат.
+3
elchi84
2019-09-16 11:44:56
Эс алып жургондур да.
-1
FCB14
2019-09-16 12:24:23
Талас Талас дебей эки жагынарды карасанар болмок.
-1
arawan
2019-09-16 14:12:15
Аябай шашылыш бутуруп не кереги бар дейм да бироо кубалап келаткансып кыргызбыз да боло берет мн кыла беребиз иш аябай эле начар асфальт ээрип жатат куйган цементи чункур толбой калган иштеген кампанияны жоопкерчиликке тартыш керек 1000деген эл барып кутуп жатат а алар камырабай иштеп журушот го
0
arawan
2019-09-16 14:13:33
Баары жогорку жактан акчасын убагында болуп турса мындай болмок эмес 2айда башка олколор шаар куруп жатышат го имподром эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан