Нур-Султанда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 16-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча үч салмак категориясында беттештер өтөт. 60 килограмм салмакка чейинки категорияда кыргыз балбандарынан Каныбек Жолчубеков килемге чыкты.
Квалификациялык беттеште Жолчубеков жаштар арасында дүйнө чемпиону Керем Камал менен кез келди. Беттеш кызуу башталып, 1-бөлүктө түрк спортчусу 3:2 эсебинде утту. Экинчи бөлүктө Жолчубеков дымагын күчөтүп, эсепти 15:7 кылды.
Эми ал 1/16 финалында беттеш өткөрөт.