Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Каныбек Жолчубеков кытайлык атаандашына жеңилип калды

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда, бүгүн 16-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттештер өтүүдө. Анда кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков килемге чыкты.

1/8 финалга чыгуу үчүн ал кытайлык Сайлике Валихан менен кез келди. Эки балбан тең бири-биринен кем калышпай, упай артынан упай алып жатышты. Бирок акыркы упайды калыстар Валиханга ыйгарып, ал 4:3 эсебинде жеңип кетти.

Эми кытайлык балбан финалга чейин жете алса, Жолчубеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dalil
2019-09-16 19:28:36
Эми айла жок кытайлык балбандын финалга чыгышын тилейбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан