Биз социалдык тармакта

Кадамжай шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуштар саналып бүттү

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуш берүү саналып бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайты маалымдады. Протоколго ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" - 624 добуш (32,18%), "Республика" - 564 добуш (29,09%), "Ата Журт" - 311 добуш (16,04%), КСДП - 241 добуш (12,43%), "Ата Мекен" - 81 добуш (4,18%), "Замандаш-Современник" 70 добушка (3,61%) ээ болушту. Кошумчалай кетсек, Кадамжай шаардык кеңешине 5500 шайлоочу каттоодон өткөн. Бирок алардын 1939у гана шайлоого катышышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан