Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун уулу катышкан мушташ болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта белгилүү болду. Чүй ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кожомкуловдун айтымында, Абдраимовдун уулунун итин көчөдөн мас абалындагы бир нече адам кармап алып, бербей мушташ чыгарышкан. Окуя боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.