Бүгүн, 16-сентябрда Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү менен башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештер өттү. Көк бөрүнүн финалы 21-сентябрда болот. Ал эми иш-чаранын маданий бөлүгү 19-сентябрда "Манас Ордо" комплексинде орун алат. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү 21-сентябрга белгиленген.
Буга чейин Улуттук көчмөндөр оюндарына ат майдан даяр эместиги боюнча маалымат чыккан. Мындан улам иш-чара кечигүү менен башталды.