Португалиялык футболчу Криштиану Роналду атасы Жозе Авейро тууралуу видеону көрүп, көзүнө жаш алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Роналду 20 жашында атасы каза болгон. Жозе Авейро аракечтиктен улам каза болгон. Видеодо Роналдунун атасы маанилүү окуяларды өткөрүп жибергенин билдирген. Ошону менен катар эле ал баласынын футболдогу ийгиликтерин да айткан.