Ысык-Көл облусунда 32 жаштагы аялды зордуктоого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү Бактуу-Долоноту айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн үйүндө чала таанышы зордуктап салганын билдирген.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары ошол эле айылдын тургуну, 30 жаштагы жаран кармалган. Ал алгачкы тергөөдө күнөөнү моюнга алган. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.