Буга чейин Индиянын 74 жаштагы
Эрраматти Мангаямма аттуу жашоочусу эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келгени маалым
болгон.
Ал эми азыркы убакта чет элдик маалымат каражаттары 74 жаштагы Эрраматти Мангаямманын жана 80 жаштагы жолдошу Раджа Раонун абалы начарлап, ооруканага түшкөнүн жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, улгайган эне төрөгөндөн тартып, ооруканадан чыга элек жана абалы жакшы эмес. Ал эми анын төрөтүн кабыл алган дарыгер ата-эне андан өзүнүн чыныгы жашын жашырып койгондугун билдирген.
"Бизге Мангаямма 60 жашта экенин айткан. Мындан улам биз ал жарык дүйнөгө наристелерди алып келе алат деген чечим чыгарганбыз", - деп билдирген дарыгер.
Ал эми 80 жаштагы ата кыздары жарык дүйнөгө келгенден кийин, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышып, алар дүйнөдөгү эң бактылуу түгөйлөр экенин жарыялаган. Көп өтпөй Раджанын жүрөк оорусу кармап, ооруканага жаткырылган.