"Шоколад толтурулган ваннада эс алды" деп сынга алынган орусиялык аткаминер кызматтан алынышы мүмкүн

Орусиянын Ульяновск облусунун губернаторунун кеңешчиси Светлана Опенышева эмгек өргүүсүндө жүрүп, сүрөт жүктөгөндөн кийин кызматтан алына турган болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, Светлана Опенышева эмгек өргүүсүн Азербайжандагы Баку шаарында өткөрүп, шоколад толтурулган ваннада жаткан сүрөтүн баракчасына илген. Бул сүрөттү көргөн Ульяновск облусунун губернатору аткаминер аялдын бул аракетин чектен ашкан мактаныч деп сыпаттаган.

Массалык маалымат каражаттары Опенышева Нафталан шаарында да болгонун, ал жерде мунай менен дарылоо процедуралары жүргүзүлөрүн жазып чыгышкан. Ага карабастан, аткаминер айымдын сүрөтүнө көптөгөн терс пикирлер жазылган. Буга Опынешванын жүктөгөн сүрөтүнүн алдына "Шоколад көптүк кылбайт" деп жазган билдирүүсү себеп болгон.

Көптөгөн терс пикирлерди окуган губернатор анын баскан-турганын жар салуусу туура эмес деген пикирин билдирип, кызматтык иликтөө жүргүзүлө турганын жана жумуштан кетире турганын айткан. Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттары Опенышева шоколад толтурулган ваннада эмес, нафталан (дары катары пайдаланылчу нефть) менен дарылык процедурадан өтүп жаткан сүрөтүн жүктөгөнүн жазышты. Мындан тышкары, анын эс алуусуна көп сумма кетпегенин, күйөөсү экөөнүн Бакуга барып келүүсүнө 77 миң рубль чыгымдалганын белгилешкен. Опенышеванын айлыгы 100 миң рублдын тегерегинде экендиги жазылат маалыматта.

Аткаминер аял коомчулукка кайрылып: "бул сүрөтүм менен кимдир бирөөнү капа кылсам кечирим сурайм. Мен болгону Азербайжандагы эс алуунун кымбат эместигине кубанып, жаман оюм жок эле сүрөт жүктөгөм. Ушундай болуп калды", - деп жазган. Ал сүрөтүн баракчасынан өчүрүп салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
katerina.li
2019-09-17 17:45:50
Журналисттер калп жазышкан. Оригиналында журот,ал шоколад эмес,нафталоновая нефть деп,ал жака денесине жара чыгып,тери оору менен жабыркагандар тушот экен. Ылайдын ону шоколадка окшош болгондуктан" шоколада много не бывает" деп тамаша иретинде жазып коюптур.
+6
katerina.li
2019-09-17 17:46:59
70минди казыр кыргыздар деле таап атышат,орустардын чиновниги эмес
-2
nelli
2019-09-17 18:45:39
katerina.li, казыр эмес азыр дегилечи
+11
katerina.li
2019-09-17 21:12:58
nelli,мен казак кызымын. Оз тилимде жаздым.
-8
Mister-X
2019-09-17 21:56:15
katerina.li,Казак кызы, сен кыргыздардын ортосуна от жагып коесун.Коп коментарийлеринди окудум.Адепке туура келген коментерийлерди жазып журчу.
+6
katerina.li
2019-09-17 22:07:55
Mister-X,адептен айланып кет
-5
adiaza
2019-09-17 23:12:20
katerina.li,сен казак болсон бул сайт кыргызча.
+8
Altunbek20
2019-09-18 00:01:36
katerina.li,казах кызы, тарыхта жок казах деген,болгону 200 жылдык тарых бар казахта,андан нары жагы кыргыз эле болот,тарыхта айтып турат,1936чы жылга чейин Кыргыз республикасы болуп турган,казахтар чындап сурап келсе кыргыз эле болуп каласынар
+6
Altunbek20
2019-09-18 00:08:25
katerina.li,кыргыздын бир тууганы болот казах,кытайдын беш мин жылдык тарыхы бар ошондо жазылат кыргыздар,казах деген улут 200 жыл мурун болгон эмес
+1
katerina.li
2019-09-18 11:11:22
Altunbek20,беш мин жылдык тарыхыбыз бар деп мурдунду кайкайтканы менен,дуйнодо эн жакыр одколордун катарына кирет,Кыргыз олкосу. Дагы эмне дейсин???
-4
meni_kut
2019-09-18 06:03:48
katerina.li,Бул шумшук дайыма кыргыздарга жаман коммент жазат , теперь ясно
+4
katerina.li
2019-09-18 06:46:22
meni_kut,энендин коту
-12
Ramina-malina
2019-09-18 11:04:20
katerina.li,жоголчу сайтты булгабай,чымынга окшоп
+5
katerina.li
2019-09-18 11:54:13
Мен казак кызы болсом дагы журогум кыргыз деп согот. Силердей калп патриот эмесмин. Бетке чаап суйлойм,ошону которо албайсынар
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан