Ооганстанда президент сүйлөп жатканда жарылуу болуп, 24 адам каза болду

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Парван аймагында өзүнүн тарапташтарынын алдында сүйлөп жатканда жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Жардыруунун кесепетинен 24 адам каза болуп, 31и жаракат алган. Мотоцикл айдаган террорчу жардыруучу затты президенттин өкүлдөрүнүн жанынан аракетке келтирген. Жарылууда Ашраф Гани жаракат алган эмес.

Буга чейин Ооганстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 28-сентябрында өтөрү жарыяланган. Мындан улам "Талибан" уюму шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн аракеттерин көрөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Migrant-rf
2019-09-17 18:23:10
Ашраф Гани да трамптын адамыго!
+2
oSporte
2019-09-17 18:42:34
Migrant-rf,путин кылтат
-3
Maiba
2019-09-18 14:11:33
Путин озу сага айткандай эле жазыпынго э, же козун ачыкпы?.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан