Коррупцияга каршы экениңизди билдирүү үчүн чачыңызды таз кылып алдырууга даярсызбы? Түштүк Кореяда бийлик менен элдин ортосунда тиреш курчуп жатат

Түштүк Кореянын саясат айдыңында акыркы күндөрү дүйнөлүк коомчулук үчүн кызыктуу көрүнүш орун алып жатат. Тагыраагы, Юстиция министри кызматына келген Чо Кукка каршы чыккандар чачын таз кылып алдырып жатышат. Аны 9-сентябрда аталган өлкөнүн президенти Мун Чже Ин дайындаган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышууда.

Хван Кё Ан
Өз учурунда бул аткаминер жана анын үй-бүлөсү коррупциялык чууларга байланыштуу коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Анын ичинен эң көп сөз болгону бул - министр жана анын жубайы кызын беделдүү медициналык окуу жайга өткөрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, жеке байланыштарын колдонгон делинип жатат. Мунун баарын калп деген Чо Кук кызматка келгенге чейин журналисттерге маалымат жыйын берип, ал 11 саатка дейре созулган. Президент мыйзамсыз иштер тастыкталбаганын жана айыптоолордун негизинде эле кызматка дайындабай коюу жаман көрүнүш экенин билдирген.

Пак Ин Сук менен Ли Он Чжу
Элдин көзүндө акыркы болуп мындай жол менен каршылыгын билдирген саясатчы, оппозициялык партиянын лидери Хван Кё Ан болду. Ал кечээ, 16-сентябрда өкмөт үйүнүн жанында тарапташтары жана журналисттердин катышуусунда чачын толугу менен "шыпыртып" салды. Өткөн аптада эки аял депутат Пак Ин Сук менен Ли Он Чжу да ушундай өзгөчө жол менен каршылыгын көрсөтүшкөн. Алардын баары Чо Куктун отставкага кетүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле бул дайындоонун айынан президент оппозиция менен коомчулуктун каршылыгын көзгө илбей жатат деген негизде сынга алынууда.

Дүйнөлүк коомчулукка таң каларлык көрүнүш болгону менен каршылыкты чачты алдыруу аркылуу билдирүү Түштүк Кореяда көнүмүшкө айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан