7-августта Москва шаарындагы меморалдык мечитте аталган аймактагы Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы тарабынан “Рамазан чатыры” аттуу маданий-ыраазычылык акциясы болуп өттү. Ага КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов, Москвадагы Кыргызстан мусулмандарынын рухий башкармалыгынын төрагасы Ильдар Аляутдинов, КРдагы Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, элчиликтин өкүлдөрү жана бакшалар катышты. Ошондой эле КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Эсенгулова, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр да болду. Катышуучулар куттуктоо сөзүн сүйлөп, “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” жана “Чыңгыз Айтматов” аттуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү.