Дастин Порье менен болгон беттештен кийин Хабиб Нурмагомедов кийген футболка аукциондо 100 миң долларга сатылды. Бул тууралуу америкалык мушкер өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.
Абу-Дабиде 7-сентябрда болуп өткөн UFC беттешинен кийин Хабиб менен Порье футболкалары менен алмашышкан. Орусиялык мушкер футболканы аукционго чыгарып, түшкөн каражатты Порьенин кайрымдуулук фондуна которорун билдирген.
Порьенин айтымында, UFC'нин жетекчиси Дана Уайт дагы 100 миң доллар которгон. Каражаттар Африканын Уганда өлкөсүндөгү мектеп жана балдар үйүнө суу чыгарып берүү үчүн жумшалат.