Нью-Йоркто Дональд Трамптын бала чагы өткөн үй сатыкка коюлду

АКШнын президенти Дональд Трамптын бала чагы өткөн Нью-Йорк шаарындагы үй аукционго коюлду. Бул тууралуу "The New York Times" басылмасы жазып чыкты.

Басылманын билдирүүсүндө, аукцион 14-ноябрга чейин уланат. Ага алдын ала катталган жана салык төлөгөн сатып алуучулар катыша алышат.

Үйдүн кожоюндары Куинс районундагы эки кабаттуу кыштан курулган үйдү аукциондо эң кымбат баага сатууга белсенип турат. Азырынча үйдүн кожоюну ким экени айтыла элек.

1940-жылы курулган үй азыркы АКШ лидеринин атасы Фред Трампка таандык болгон. Бул үйдө алар келечектеги президент төрт жашка чыкканга чейин жашап, кийин башка үйгө көчүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eli.91
2019-09-18 10:22:24
Трамп бала-чагы откон уйду озу алса болмок экен.Эн бактылуу кундору байоо убагы откондур бул уйдо.
+2
Dalil
2019-09-18 11:51:43
Eli.91, ал үчүн Мелания айымды көндүрүү керек болот.
+3
akmanai
2019-09-19 01:27:08
Eli.91,++++
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан