Ирландияда кыздын өмүрүн селфи сактап калды

Ирландияда Стефани Фарнан аттуу 28 жаштагы кыздын өмүрүн селфи сактап калды. Кызды эс-учун жоготкон абалда атасы тапкан. Кийин анын мээсинин ичинде кан куюлуп кеткени маалым болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында айтылат.

Медиктерге анын өмүрүн сактап калуу үчүн так канча убакыт мурун жыгылганын аныкташ керек болгон. Айрым дары-дармекти эс-учун жоготкондон кийин белгилүү бир убакытта гана колдонууга болорун түшүндүрүшкөн. Керектүү маалыматты Стефани Фарнандын агасы берген. Ал кыздын телефонунан Фарнандын жыгылып калганга дейре 14 мүнөт мурда тартылган селфи сүрөтүн тапкан. Дарыгерлер так убакытты билген соң кызга керектүү жардам көрсөтүү менен анын өмүрүн сактап калышкан.

"Жолум бар экен. Ал күнү өзүмдү сүрөткө тартканым деле эсте жок", - деген кийин эсине келген кыз. Учурда Стефани Фарнан өзүн жакшы сезип калганын айтып, медиктерге жана жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Жакында ага операция жасалмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2019-09-18 10:43:30
Мм
-2
Guliza85
2019-09-18 11:02:03
Медицина онуккон,чыныгы ишин билгендер ушинтип дарыдармеети туура колдонушат.Бизде болсо качан,кантип эсин жоготтун сурамак тугул,акыл эсин ордунда болуп барсан да,оюна келген дарыны жазып,колуна тийгенин жасап майып кылып коюп атышат.
+25
Ziregim
2019-09-18 11:24:59
Guliza85,туура айтасыз медицина бизнеске айланып кетиптир, жакында башымдан отту, аз жерден, келечегиме балта чаап ала жаздадым
+8
Umka22
2019-09-18 12:56:22
Селфиден өлдү селфи сактап калды жакшы жаңылыктар
+7
Jelena09
2019-09-19 00:20:07
Биздин врачтар аман эле болсун ушунчалык слабый.мм арасында бар тузуктору бирокото аз..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан