Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев азыр Кыргыз мамлекетинде туш тарапта акыйкатсыздык болуп жатканын айтты.
"Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз жакшы чыкпай жатат. Сиз карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек. Бирок сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз. Прокуратура, сот, ИИМге элдин ишеними төмөн. Күндүзү мушташ болуп жатат, камалгандар чыгып кетет. Саясатчылар, өкмөт башчылар, министрдин орун басарлары өзүлөрүнүн укугун коргой албай жатат. Биз ушундай шартта жашап жатабыз. Ички тирештин айынан Курсан Асановду кызматтан кетирип, азыр эч нерсе таппай жатышат. Баткенде чыр чыкты. Ушундай окуяда Курсан Асановдой генералдар керек эле. Абактагы премьер-министрлер ооруп жатат. Алардын укугун коргоп, коңгуроо кагып турушуңуз керек", - дейт Акаев.