Баткендин Лейлек районундагы Өзгөрүш айылына караштуу аскадан кулап каза болгон швейцариялык турист Мон Кляйндын сөөгү Бужум айылына алынып келинди. Анын денесин ӨКМнын куткаруучулары тик учак менен алып келишти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.