Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16 жашка чейинки Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары старт алды. Анда F тайпасынын алкагында эки оюн өттү.
Кыргыз футболчулары Ливан менен кез келди. Оюндун 1-таймында ливандыктар жоопсуз эки гол киргизгенге үлгүрдү. Экинчи бөлүктө күйөрмандардын сүрөөсү менен кыргыз футболчулары үч гол киргизди. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушту.
Экинчи оюнда БАЭ Иракты 1:0 эсебинде утуп алды.
Кыргыз өлкөсү кийинки оюнду Бириккен Араб Эмирликтери менен 20-сентябрда ойнойт.
Кыргыз өлкөсү – Ливан – 3:2
Голдор: Бекназ Алмазбеков, 62-мүнөттө, Ааламбек Абылкасымов, 72, 85-мүнөттөр, Раян Насеридин 10, 21-мүнөттөр