Ырчы, куудул Жеңишбек Айтиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Бүгүн, 19-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде ырчы, куудул Жеңишбек Айтиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкка татып, кубанып турган ырчы сыйлыктарды төмөнкү тепкичтерден баштап алып келе жатканын айтат.

"Эмгекти баалап, Ардак грамота менен сыйлап жатышканына ыраазычылык билдирип кетем. Сыйлыктын тепкичтеринен көтөрүлүп келе жатам десем болот. 18 жылга жакын маданият чөйрөсүндө жүрөм, айылдын мыкты атуулун алганмын, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алгам, эми мына президенттин Ардак грамотасын алып отурам. Буюрса эми Эмгек сиңирген артист наамын алайын (ред. күлүп)", - дейт Айтиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kultegin
2019-09-19 12:48:47
Ушинтип эле суйунуп ардак баракчаларын берсе болот экенго. Эмнекти баалап. Кайдагы артистерге тез эле эмгек синирген бербей. Бир жылдары акция болуп Кетти элего эмгек синирген деген наамга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан