Баткенде иш сапары менен жүргөн Жантөрө Сатыбалдиев "Бөжөй деген айыл бар экенин билбепмин" деди

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 9-августта Баткен облусунда иш сапары менен болду. Алгач Айдаркен шаарындагы сымап комбинатынын абалы менен таанышып чыкты. Андан соң Сох анклавын айланып өткөн Бел-Сөгөт-Бөжөй унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Айта кетсек, унаа жолдун узундугу 11 чакырым, учурда анын 200 метрдей гана бүтпөгөн жери калды. Өкмөт башчы кошумча акча бөлүнүп, аталган жол жакында толук ишке бериле турганын айтты. "Негизги жол менен көп эле өткөм бул жактан, бирок Бөжөй деген чоң айыл бар экенин билбепмин",- деди өкмөт башчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан