Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Ал 62 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан.
Ал жарым финалдык беттеште түндүк кореялык балбан Йоң Сим Рим менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Тыныбекова ийгиликтүү чабуулдарды жасап, упайга ээ болуп жатты. Жыйынтыгында 7:0 эсеби менен жеңишке жетишти.
Бул көрсөткүч менен кыргыз спортунда жаңы барактар ачылды. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан алгачкы балбан болду. Ошондой эле Тыныбекова кыргыз балбандарынын арасынан финалга чыккан үчүнчү балбан. Буга чейин кезинде Дүйнөлүк биринчиликтин алтын медалы үчүн күрөшкө Канат Бегалиев менен Жоламан Шаршенбеков чыккан.
Финалдык беттеште Тыныбекова болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен эртең, 20-сентябрда кез келет.
Ошондой эле бул көрсөткүч менен Тыныбекова Токио-2020 Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон.