Путинди президенттиктен кетирүү үчүн Якутиядан Москвага жөө сапарга чыккан бакшы Александр Габышевди Бурятиядан полиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Габышев өзүн бакшы деп атап, Кремлден "кара күч" деп атаган Путинди кетирүү керектигин билдирген. Бул үчүн ал бир канча ай мурун Якутиядан жөө сапарын баштаган. Анын Москвага жөө сапарга чыгышы бат эле интернетке тарап, атагы чыккан. Аны менен кошо чогуу сапарга аттангандар да болгон.
Анын санаалаштары Бурятиядагы шайлоого нааразачылыктарын билдирип, Улан-Удэ шаарында санкциясы жок митингге чыгышканы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Александр Габышев Бурятиянын федералдык трассаларынын биринен жөө кетип бара жаткан жеринен кармалган.
Полиция азырынча Габышевдин эмне үчүн кармалганын түшүндүргөн жок. Бакшы сурак берүүсү үчүн Якутскка жиберилет.