Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө ар бир 11 секундда ымыркай же кош бойлуу аял көз жумарын билдирди

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кош бойлуу аялдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнүн саны боюнча айткан статистикасын чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалыматка ылайык, жыл сайын каза болгон кош бойлуу аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны 2 миллион 800 миңден ашат. Мындан тышкары, уюмдун докладында 15 жашка чейинки балдар арасында да өлүм көп болоору айтылган. Изилдөөчүлөр ар бир 11 секундда дүйнөдө ымыркай же кош бойлуу аял көз жумарын белгилешип, алдын алса мындай өлүмдөр азайышы мүмкүн эле деген тыянакка келишкен.

Балдардын өлүмү аз катталган жыл деп 2000-жыл аталган. Анда балдардын өлүмүнүн статистикасы эки эсеге азайган. Ошондой эле ал жылы кош бойлуу аялдардын да өлүмү кескин азайган. Өткөн жыл ичинде дүйнөдө 6 миллион 200 миң бала каза болгон, анын ичинен 5 миллион 300 миңи 5 жашка чыга элек балдар болгону жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан