Дүйнөдө биринчи жолу жерге түшкөн жалбырактарды кайра иштетүү өндүрүшү ишке кирет

Дүйнөдөгү биринчи жолу жерге түшкөн жалбырактардан кагаз өндүрүү өндүрүшү ишке кирет. Бул өндүрүш жакынкы аралыкта Украинада ишке ашырылуусу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта айтылгандай, украиналык студент биринчи жолу жерге түшкөн жалбырактардан кагаз иштеп чыгарууну өндүрүштө сынап көрдү. Студент Валентин Фречка өндүрүштүн технологиясын сунуштаган. Ал сыноодон ийгиликтүү өтүп, жабдык чоң деңгээлдеги иштерди өндүрүүгө даяр.

"Биз жалбыракты колдонуу натыйжасын аныктоо максатында, дарактын кабыгынын ордуна алмаштырып, сыноодон өткөрүп көрдүк. Кагазды атайын даярдалган жабдыктардын жардамында өндүрдүк, көрсөтүлгөндөй кагаздын сапаты мыкты", - деди Валентин Фречка.

Валентин Фречканын долбоору Кенияда болгон Эл аралык экология олимпиадасында алтын медалга татыган. Ал эми АКШдагы ойлоп табуучулардын олимпиадасында финалчы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakubek
2019-09-20 16:08:33
Жалбырак тутпойт анда
0
aerforce
2019-09-20 17:50:03
Эң жакшы күзүндө шыпырып салып бермекмиз
+2
akmanai
2019-09-20 20:06:00
Пайдалуу жакшы табылга ойлоп тааптыр. Азамат!
+2
Nuri952311
2019-09-20 22:22:58
Украинага жалбырак сатып бизнес кылып калат окшойбуз
+1
suban78
2019-09-23 01:29:42
Канчалаган дарактар кыйылбай калат, жакшы кабар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан