Айтышта жыл сайын кош байге сайып, казакты кадырлаган кыргызга бул ирет да байге буюрбады

Кыргыздын "Айтыш" фонду жыл сайын эл аралык айтыш өткөрүп, ага боордош казак акындарын чакырып, дайыма кош байге сайып келгени баарыбызга маалым. Бирок айтыш өнөрү эл оозуна алынып, күйөрмандар көбөйгөнү кыргыздын төкмөлөрү казакка барып баш байге алыптыр деген кабарды кулагыбыз чала элек.

Жакында эле Казакстандын Караганда шаарында жазуучу Сакен Сейфуллиндин 125 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыш сынагы өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн "Автомат акын" атыккан Жеңишбек Жумакадыр гана катышып келди.

Казактын сууруп салма акындарынын жоон тобу менен айтышкан Жеңишбек Жумакадыр финалга чейин жеткен, бирок эч кандай байгелүү орун алган эмес. Айтыштын жыйынтыгында баш байгени 2 казак акыны, 1-орунга 2 казак акыны, 2-орунга 3 казак акыны, ал эми 3-орунга 5 казак акыны татыктуу деп табылган.

Мындан улам, жыл сайын жүз миңдеген акчалай сыйлык коюп, казактарды сыйлап, кош байге койгон туурабы деген ой келбей койбойт. Канчалаган айтыштарда боордоштордун этек-жеңин чымчылап силер да кош байге койгула, кыргыздын татыктуу акындарына байгелүү орундарды бергиле деген сөздөр казак акындарынын эсинен чек арадан өткөн соң эле чыгып кеткендей.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Zhoro
2019-09-20 11:10:50
Эми келсе калыс баалагыла казактарды
+17
kechirmeni
2019-09-20 11:17:59
ото эле ашыкча меймандоспуз да, а казактар ото эле ашыкча тескерисинче
+25
interpol
2019-09-20 11:18:07
Биз кыргыздар негизи берешен ак көңүл, коноктүн көңүлүн караган элбизда. Ал эмес үйүңө конок келседа өзүң жебеген нерселерди бересиң. Эмки айтыштарда байгелүү оорунга жеткизбегиле казактарды.
+21
aerforce
2019-09-20 13:50:20
interpol, ошол үчүн чоңдорубуз береерге ашын таппай жер суудуда берип жатышпайбы
+9
Bektur2011
2019-09-20 11:29:56
Айзада азамат таалуу жерди кармапсын. Казактар ичи тар калк. Булар качан эле кыргызга жакшылык кылды эле көк бөрүнү дагы улакчыларга баш көзүн койгулап жасалма жениш алган бир жылы. Казактар булар эч качан кыргызга тууган да боордош да болуп бере алышпайт. Казактар менен сый эле болуш керек.
+27
katerina.li
2019-09-20 12:59:23
Bektur2011,кыргызды казак эмес кыргыз озу жок кылат. Кыргызда деле толтура ичи тар адамдар. Мисалы сен.
-12
senchi
2019-09-20 15:27:40
katerina.li,сен казаксын өткөндө коментеринде окугамын кыргыз болгонунда таза сенда жамандайт эле казакты
+8
Bektur2011
2019-09-20 16:19:26
senchi,Ошо казак үчүн мага асылып жатат да.
+5
katerina.li
2019-09-20 18:18:34
senchi,мен жамандаган жокмун. Казакта эн бир сонун адамдар бар,кыргызда дагы асыл адамдар толтура. Ощондой эле жаман адамдар эки жакта тен жок эмес . Бир эле казактар жалан ичи тар болуп,кыргыздардын ичи кенен эмес да.
-4
senchi
2019-09-20 15:35:13
Биринчи жолу поезде Россияга баратканымда казакстанда пограндар акча сураган акчам жок десем чөнтөгүндө эмне болсо чыгар деген. Чөнтөгүмдөгү платочка бар эле мурдумду арчый турган ошону болсода бер деген бергем. Аябай таң калгам мурдумду тазалап жүргөн платочкамдыда алдырдым деп.
+3
Bektur2011
2019-09-20 16:20:09
senchi,Ха ха го уят буларда намыс деген жок ошол алган акчалар деле тешип чыкса керек.
0
Bektur2011
2019-09-20 16:18:20
katerina.li,Көп былжыраба мен сага сүйлөп жаткан жокмун пикирим жакпаса комментарий бербе. Мен өз пикиримди жаздым. Менин пейилим кенен адамын.
+3
katerina.li
2019-09-20 18:19:40
Bektur2011,пейилин кандай кенен экени корунуп турат комментарии ленден. Анан дагы кыргызда озун мактагандан оло кач дечу элего.
-7
tular
2019-09-21 00:12:01
katerina.li, бээ десе төө дейсинда
0
salimbek87.kg
2019-09-20 11:38:45
Баурлар ушул кылганыңар жакшы иш болбоптур бир сыйлуу орун берсеңер бир жайыңар азайып калмак беле ?
+10
Mambetali
2019-09-20 11:42:23
Бети жок Казактар...
+18
kechirmeni
2019-09-20 11:53:00
алар кийинки келгенде б....н ы....н да бербегиле
+9
tradeazs
2019-09-20 12:03:10
Казак бербесе Кудай берет кыргызга
коп тенеле бербей март берешен Боло берели
+13
Aimani
2019-09-20 12:22:01
Болду токтоткула кош байге дегенди. Өзүбүздүн татыктуу акындарга эле бергиле. Казактарга бергенакчаны өзүбүздүн жаш акындар алса туура болот. Акчанар ашып ташып атса. Кеп акчада деле эмес. Казактар кааласа берип деле коюшмак, жөн эле кыргыздарды тоготушпайт. Өздөрүн укмуш ойлошот.
+11
Suzak12
2019-09-20 14:06:22
Казак баурлар деп биз ото эле ачыкбыз булар бизге чек арадан откондо унутат миллициялары дубана жол сурайын деп токтосон 5000 тенге дейт качан онолот миллициянар.Башка акын барса бербесе да мейли эле Женишбек акыныбыз биздин сыймыктанган акындардын бири эле ушул жерге пас кеттипсинер БАУРЛАР!
+5
al-abu-kinesz
2019-09-20 14:34:32
Эмки айтышта биздин акындарга сонун айтылчу создор даяр болуптур да
+2
Mularamov
2019-09-20 16:04:34
Ошо акчанарга забор алып лейлеке салгыла чек акраны тосуп алалы
-1
Aikaaaa
2019-09-20 17:43:36
Ал эмнеге Жеңишбек эле барды, калгандары эмне болуптур?
-1
Dushabolna
2019-09-20 21:37:42
Алар келгенде да ошенткиле. Эмненер кем. Силер да барбагыла жалдырагандай болуп. Барбагыла анын эмнеси бар. Омар деле женбеди беле. Кана байгеси. Уят уят казактар. Бир тууганбыз дейбиз чынында урмат жок ушундай жерлерде.
Бир бардын эки бардын байге жок сый жокпу значит эч качан жок
-1
Samatalibei
2019-09-20 22:39:18
Калыстардын корозу казак туугандарданго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан