Америкалык хип-хоп аткаруучу Канье Уэст "Forbes" журналынын версиясы боюнча 2019-жылдын 9 айында эң көп киреше тапкан рэп аткаруучусу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.
Анын кирешеси 150 миллион долларды түздү. Ал "Adidas" фирмасынын спорттук бут кийимдерин жарнамалоодон тапкан киреше менен кесиптеши Жей-Зини артта калтырган. Жей-Зи 81 миллион доллар кирешеси менен экинчи орунда. Ал эми 75 миллион доллар киреше менен Дрейк үчүнчү орунду ээледи.
Эң көп киреше тапкан алдыңкы ондукка хип-хоп аткаруучулар Дидди (70 миллион доллар), Трэвис Скотт (58 миллион доллар), Эминем (50 миллион), DJ Khaled (40 миллион), Кендрик Ламар (38,5 миллион), Мигос (36 миллион) жана башкалар кирген.