Малайзиянын түштүгү менен Индонезиянын Суматра жана Калимантан аралдарынын түндүгүндө чыккан токой өрттөрүнүн кесепетинен, өлкөнүн аймактарынын бардык мектептери эки күнгө жабылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдиришти.
Малайзиянын Билим берүү жана илим министрлиги "абанын булгануу индекси «өтө жаман» деңгээлге жеткен Куала-Лумпур, административдик борбор шаар болгон Путраджая менен Селангор жана Пенанг аймактарындагы жалпы 1658 мектеп жабылган. Өткөн жумада да абанын булганышынын кесепетинен, жалпы өлкөдө 553 мектеп жабылган" деп билдирген.
Бир тараптан Ипох шаарында асманды каптаган түтүн шаардагы Султан Азлан Шах аэропортунда алты каттамдын учуу багытын өзгөртүүгө себеп болду. Аэропорттогу 1418 жүргүнчүнүн учушу токтотулду.