Онкология оорусу менен күрөшүп жаткан актриса Анастасия Заворотнюк эсине келди. “Клиникада жаткан Анастасия комадан чыгып, эсине келди, терапиялык бөлүмдүн палатасына которулду” деген маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда медиктер актрисадагы мээнин шишигин кичирейтип, медикаментоздук комадан чыгарышканы айтылат. Ошондой эле Анастасия Заворотнюктун жакындары клиникага маанилүү документтерди алып келип, дарыгерлердин уруксаты менен актрисага кирип чыгышты. Документтер жеке мүлккө тиешелүү деген версия бар. 48 жаштагы актриса “мээнин шишиги” диагнозу менен жандандыруу бөлүмүнө жатып калган. Бул оор илдетке ал кичүү кызын төрөгөндөн кийин чалдыккан.