Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 139-трассасында таш түштү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
“Азыр трассаны тазалап жатышат. Автоунаалар үчүн жол ачылды. Каза болгондор жана жабыркагандар жок”, - дешти министрликтен.
Бишкек-Торугарт трассасы 539 чакырымды түзөт. Гидрометереологдор капчыгайдагы таш түшүү, сел жүрүү фактылары бат-баттан жааган жаандын кесепетинен деп эскертип келишет.