Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16 жашка чейинки Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында тайпалык оюндардын 2-туру өттү. Анда F тайпасынын алкагында эки оюн орун алды.
Кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмирликтери менен кез келди. Оюндун 1-таймында үй ээлеринин дарбазасына эки гол кирди. Экинчи бөлүктө кыргыз футболчулары чабуулун күчөтүп, Бекназ Алмазбеков 87-мүнөттө пенальтиден айырмаланды. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөргөн жок. Тилекке каршы, кыргыз футболчулары арабдарга 1:2 эсебинде жеңилип калды.
Экинчи оюнда Ирак Ливанды 2:1 эсебинде жеңип алды.
Эми 3-турдук оюнда кыргыз футболчулары Ирак менен ойнойт.