Көк бөрү боюнча Чүй облусунун командасы Ош облусун 14:1 эсеби менен утуп, Улуттук көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды

Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалда Чүй облусунун командасы Ош облусун 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды. Бул тууралуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

"Көк бөрү оюну боюнча мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан командалар катышкан. Экинчи орунду Ош облусунун командасы ээлесе, үчүнчүнү Талас, төртүнчү орунду Бишкек шаары ээледи. Чүй облусунун командасы биринчи орунду камсыздап, Улуттук көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча чемпиону аталды", - деди агенттиктин маалымат кызматы.

Көк бөрү оюнунун байге фонду 800 миң сомду түзүп, 1-орунду алган Чүй облусунун командасына 300 миң сом, Ош облусу 200 миң сом, Талас облусу 100 миң сом, Бишкек шаарынын командасына 50 миң сом, ал эми 5-9-орун алган командаларга 30 миң сомдон берилерин маалымат кызматы кошумчалады.

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрь күнү башталып, бүгүн, 21-сентябрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Migrant-rf
2019-09-21 14:19:50
Позор Ош, 4-1 болсода мейли эле, 14-1 геда утуласыңарбы.((
-9
Dembele84
2019-09-21 14:38:28
Migrant-rf,Ош Жан берип ойногон жок,андай деле аракет кылбады
+2
urmat94
2019-09-21 17:18:27
Migrant-rf, Чуйго подарка кылып коюшту биринчи орунду,,
+2
Muslim_KGstana.
2019-09-21 14:28:31
Ошол акчага Нарын мектеби жарымы бутуп калат эле
0
medet1983
2019-09-21 14:47:03
Спорт менен намысты Чуйлуктордон талашпагыла
-15
Altyn.bala
2019-09-21 14:55:58
Чуй командасы азамат!Куттуктайм!
-5
elb_2121
2019-09-21 15:00:08
Азаматтсынар жигиттер башкысы тынч ынтымакта чыры жок оттсо болду,Чуй командасыда мээнетинер текке кеттпеди Ош облстына да ийгилик
+10
katerina.li
2019-09-21 15:26:22
Ош жакшы ойночу элего?? Манас жок беле?)
-6
-Dybala-
2019-09-21 17:27:52
Минус баскандар оштуктар окшойт))
-5
bond02
2019-09-21 17:52:53
Действительно Чуй кучтуу экен областтар арасында, озум Оштон болсом да кучтууго тан бериш керек. Кучтууну кучтуу дейли, бул спорт кучтуусу женет.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан