Иракта кичи автобустагы теракттан 12 киши көз жумду

Бүгүн, 21-сентябрда Ирактын шиит мусулмандар ыйык деп эсептеген Карбала шаарынын өткөрмө пунктунда кичи автобуста колдо жасалган жарылуучу зат жарылып, 12 киши мерт кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Теракттын кесепетинен 12 киши каза болуп, 5 киши жаракат алган. Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

Карбала Багдад шаарынан 100 чакырым алыста жайгашкан. Шаарда жылына миллиондон ашуун адамдар зыярат кылууга бара турган эки мечит орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан