440 жуп туфли. Дал ушундай сандагы бут кийимдер имараттын сыртына кадалган. Инсталляция үйдөгү зордук-зомбулукка көңүл бурууга чакырык таштап, бул көйгөйдүн масштабын сезүүгө жардам берет. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Арт-объектти Вахид Туна аттуу сүрөтчү ойлоп тапкан. "Биз инсталляцияны атайын имараттын ичине жайгаштырбай, көчөдөн өткөндүн ар бири көрсүн деген максатыбыз жогору болду. Бул аялдардын баарын коргоп калсак болмок эле, бирок алардын баары азыр жок - бут кийимдердин саны ушуну билдирет", - деген сүрөтчү.
Инсталляция Стамбул шаарынын европалык бөлүгүндөгү Бейоглу районунда ачылды. Ал 2018-жылы ичиндеги үй-бүлөлүк жаңжалдарда күйөөсү аялын өлтүрүп койгон 440 аялга багышталган.
Түркияда жылдан-жылга аялдарды өлтүрүү окуялары көбөйүп жатат. 2013-жылдан тартып 2017-жылга чейин эле тууганы же жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн аялдардын саны 75 пайызга өскөн. Жарандык активисттер бул окуялардын алдын алууга мүмкүн болбой жатканына бийликтин шалаакы мамилеси жана коомчулуктагы патриархалдык ой-жүгүртүүгө байланыштуу деп айтышат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү аял күйөөсү же дагы башка эркек тарабынан жыныстык зомбулукка жана ур-токмокко дуушар болуп жашайт.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө 2018-жылы 62 аял үйдөгү зордук-зомбулуктан каза болгон, 288 аял жаракат алган.