Англиялык көзү азиз саякатчы 130 өлкөнү кыдырды

Англиялык Тони Жайлздын эки көзү азиз, кулагы атайын аппараттын жардамы менен угат. Чет элдик маалымат булактары буга карабастан, ал жашоосун кызыктуу өткөрөрүн жазышты. Ага ылайык, Тони Жайлз учурда 41 жашта, 20 жылдык өмүрүн ал саякаттоого арнаган. Көпчүлүк анын көзү көрбөсө саякаттоонун канчалык кызыгы бар деген суроону бергиси келет. Тони дүйнөнү көз менен гана көрүү жетишсиз экенин далилдөөдө.

Маалыматта айтылгандай, Тони Жайлз буга чейин 130 өлкөнү кыдырууга үлгүргөн. Алдыда дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө баруу планы бар.

"Айрымдар мени саякаттан көп нерсени байкабаса керек деп ойлошу мүмкүн. Мен бул суроого, дүйнөнү көз менен гана көрбөйсүң деп айтмакмын. Барган өлкөдө адамдардын бири-бири менен сүйлөшкөнүн угам, тоого чыгам, кайра түшөм. Айланамдагы болгон нерсенин баарын денем, бутум аркылуу туям", - деген ал.

Саякаттоо учурунда ал бир кыз менен таанышып, мамиле кура баштаган. Анын да көрүүсү начар. Экөө биргеликте өткөн жылы Орусияны поезд менен кыдырып чыгышкан. Негизинен Тони Жайлз саякатка жалгыз чыгат.

"Анын көзүнүн азиз болуп калышы мүмкүн экендиги боюнча диагноз тогуз айлыгында коюлган. Он жашында көзү көрбөй калган. 6 жашында болсо кулагы жарым жартылай укпай тургандыгы аныкталып, атайын аппарат тагынган, бирок бардык эле добушту уга бербейт. Мындан улам балачагында абдан басынып өскөнүн белгилейт ал.

Ал эми саякаттоого каражатты сарамжалдуу пайдалануунун бардык аракеттерин көрөт. Негизинен коомдук транспортто жүрөт жана жатууга эң арзан делген жерлерди тандайт. Көбүнчө эл көп топтолбогон кооз жерлерге барууну туура көрөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2019-09-22 11:04:52
Азамат экен көзүм көрүп туруп Өзбекстан, Таджикистан, Туркмения, Казакстан, Азербайджан жана Россиядан башка жакты көрө элекмин
-2
Jaan_ai
2019-09-22 13:52:47
Азамат экен го... Бишкек-Кочкордон башка жерди корбодум)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан